Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/12
Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдар боюнча айыл Өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Эшалиевдин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Өзгөчө кырдаалдар боюнча айыл Өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Эшалиевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Өкмөттун аймагындагы кооптуу жерлерди аныктап, жогорку органдарга кайрылуу жолу менен оңдоо жагы айыл Өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Т.Эшалиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |