Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/13
Ш.Ашыралиев атындагы Кош-Дөбө дыйкан базарынын кызмат көрсөтүү бааларын бекитип берүү жөнүндө
Ш.Ашыралиев атындагы Кош-Дөбө дыйкан базарынын кызмат көрсөтүү бааларын бекитип берүү жөнүндөгү базар башчысы А.Кушубековдун маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ш.Ашыралиев атындагы Кош-Дөбө дыйкан базарынын кызмат көрсөтүү баалары төмөнкүдөй баада бекитилсин.
- Соодагерлерге - 1 м 2 жер үчүн – 5 сом
- Жүк ташуучу автоуунаасы менен соода кылган соодагерлерге:
МАN, ГИГАНТ -100сом. СПРИНТЕР -50 сом. ФОРД - 20 сом.
- Дарбазадан жана жогорку жактан базарга кирген автоуунааларга:
жүк ташуучу – 20 сом. жеңил автоуунааларга - 10сом.
Мал базардагы жылкы, уй – 30сом. кой-эчки – 20 сом.
- Мал базарга келген жүк ташуучу автоууналарга -20 сом.
жеңил автоуунага - 10 сом.
- Эт сатуучу жайга – бир орунга – 100 сом.
- Ажаткана бир адамга 5 - сом.
2. Дыйкан базарынын бир жылдык жыйымы 320000(үч жуз жыйырма миң) сомдон 400000(төрт жүз миң) сомго көбөйтүлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |