Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/14
ПРООНдун Ош областынын аймагын ар тараптуу өнүктүрүү программасынын негизинде аткарылып жаткан долбоорлорду колдоо жөнүндө
ПРООНдун Ош областынын аймагын ар тараптуу өнүктүрүү программасынын негизинде аткарылып жаткан долбоорлорду колдоо жөнүндө айыл Өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Торук айылын “Таза суу менен камсыз кылуу” долбоору жалпы суммасы 980999 сом, анын ичинен айыл Өкмөтунөн 200000 сом, элдин салымы 178668 сом, ПРООНдон суралуучу сумма 602311 сом.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын Чие айылындагы “ Жаңы конуштарга электр линиясын тартуу” долбоору жалпы суммасы 906487 сом, айыл Өкмөтүнөн 184166 сом, элдин салымы 119733 сом, ПРООНдон суралуучу сумма 602588 сом.
3. Кош-Дөбө айыл аймагынын сугатсуу менен аз камсыз болгон 4 га жерине “Тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонуу” долбооруна жалпы суммасы 839818 сом, анын ичинен элдин салымы 622983 сом, ПРООНдон суралуучу сумма 216835 сом.
4. Кош-Дөбө айыл аймагындагы “ Торук-Асман” коомдук фондусу аркылуу Мырзаев Умарбек Бердалиевичтин “ Кош-Дөбө айыл аймагынын Мундуз айылына мөмө-жемиш кургатуучу цех куруу менен элдин кирешесин көбөйтүп, жаштарды жумуш менен камсыз кылып коомдогу социалдык карама каршылыктарды жоюу” долбоору жалпы суммасы 914307 сом, анын ичинен өздүк салым 310185 сом, ПРООНдон суралуучу сумма 604122 сом.
5. Жогорудагы көрсөтүлгөн долбоорлор айылдык Кеңеш тарабынан жактырылсын жана Айыл Өкмөт тарабынан берилүүчү акча каражаттарын өз убагында каржылоо жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
6. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |