Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/16
У.Амиракуловага Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Чие айылынын тургуну, Чие айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун башчысы У.Амиракуловага Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу жөнүндө Чие айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун жана №11-УБДТ кызматкерлеринин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чие айылынын тургуну Чие айылындагы фельшердик-акушердик пунктунун башчысы Амиракулова Урматка Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгарылсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |