Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 28-августу № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы тамеки сарайлар, өндүрүштүк объектилер жана башкалардын жерлерин пайдалануу багытын турак-жай багыты боюнча пайдаланууга өзгөртүү үчүн сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жер жана агрардик реформа жүргүзүлгөн учурда Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мурдагы Маданият,Янги-Новкат,Сахаба,Кызыл-Тейит колхоздорунун эсебиндеги тамеки сарай курулуш имараттары, өндүрүштүк объектилер жана башка жайлардагы 22.96 га жерлер курулуш имараттары жаңыдан уюштурулган дыйкан чарбалар тарабынан айыл тургундарына жеке менчикке сатылып, дыйкандар тарабынан турак-жайлар курулуп кеткендигине байланыштуу, аталган жер аянтын пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүүнү карап чыгып жана талкулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мурдагы Маданият, Янги-Новкат, Сахаба, Кызыл Тейит колхоздорунун эсебиндеги 22.96 га тамеки сарайлар, өндүрүштүк объектилер жана башкалардын жерлери жаңыдан уюштурулган дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын токтомунун негизинде дыйкандарга жеке менчикке сатылып кеткендигине байланышту аталган жайлардын жерлерин пайдалануу багыты турак-жай багыты боюнча пайдаланууга өзгөртүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик админис- трациясына сунуш кылынсын.
2 Ушул токтомдун иш жүзүнө ашырылышын камсыз кылуу үчүн Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |