ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 28-августу № 6
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы экономикалык жактан пайдаланууга ынгайсыз таштак кайрак жерлерди пайдалануу багытын бак- дарак багыты боюнча пайдаланууга которуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундари тарабынан айылдардын четтеринде жайгашкан экономикалык жактан ыңгайсыз таштак кайрак жерлерди өздөштүрүп бак тигүү боюнча суроо талаптар түшүп жаткандыгын карап чыгып, айыл аймагынын Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын № 24-23 контурунда жайгашкан 9.50 га жерди өздөштүрүп кайрак жерди бак- дарак жерге которууну иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын №24-23 контурунда жайгашкан экономикалык жактан пайдаланууга ыңгайсыз таштак 9.50 га кайрак айдоо жер айыл өкмөтүнүн тургундарынын суроо кайрылууларынын негизинде пайдалануу багыты бак- дарак жерлери багытына которулсун
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын № 24-23 –контурунда жайкашкан экономикалык жактан пайдаланууга ыңгайсыз таштак 9.50 га кайрак айдоо жер боюнча токтомду бекитип берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
3. Токтомдун иш жүзүно ашырылышын камсыз кылуу,аталган жерди конкурс негизинде айыл тургундарына ижарага берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |