ДЫЙКАН-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дыйкан-Кыштак айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 4-3
Айылдык кенештин жана айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасы К.Сагынбаевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу №30 мыйзамынын 1-берен. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Төлөйкөн айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу №30 мыйзамынын 1-берен. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык айылдык кенештин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыёдоо, кеёештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Дыйкан-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |