Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 29/104
Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2014–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл–Кыя шаарынын мэриА.Халмурзаевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
2014–жылдашаардын 2013–2017–жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл–Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2014–жыл ичинде шаардагы бардык өнөр–жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүү жогорулатуу боюнча бир топ иштерди алып барышкандыгын төмөнкү көрсөткүчтөр көрсөтүп жатат.
2013–жылы өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 3 млрд 372 млн. сом болсо, 2014–жылы 3 млрд 389 млн сомду түзүп, өсүү көлөмү100,5 % ды түздү.
Салыктар
Факт түрүндө 439,6 млн.сом жыйналды, 2013–жылы 326,6 млн.сом жыйналган, өсүү ыргагы 134,6%ды түздү.
Жергиликтүү бюджетке 110,0 млн.сом план көрсөтүлгөн болсо, 110,2 млн.сом жыйналып, өсүү ыргагы 100,2 % ды түздү.
Шаардын 2014–жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 142732,0 мин сом өлчөмүндө аныкталган. Кызыл–Кыя шаардык кенешинин сессиясында 2014–жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 125401,2 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми киреше бөлүгүнүн аткарылышы 131479,2 миң сом, чыгаша бөлүгү 132867,1 миң сом өлчөмүндө аткарылган.
Муниципалдык менчикти пайдалануу:
Муниципалдык менчиктеги обьектилерди пайдалануудан түшүүчү ижара акынын планы 2100,0 миң сом болсо, 2012,2 миң сом өлчөмүндө ижара акы жергиликтүү бюбджетке түшүп, планы 100.9%га аткарылган.
Кайра бөлүштүрүү жер фондусунун жерлерин пайдалануудан түшүүчү ижара акынын планы 450,0 миң сом болсо, 523,9 миң сом өлчөмүндө ижара акы жергиликтүү бюджетке түшүп, планы 116,4%га аткарылган.
Калктуу конуштагы жерлерди пайдалануудан түшүүчү ижара акынын планы 1500,0 миң сом болсо, 1811,5 миң сом өлчөмүндө ижара акы жергиликтүү бюджетке түшүп, планы 120,8%га аткарылган.
Автопарковкадан түшүүчү каражаттын планы 550,0 миң сом болсо, 571,1 миң сом өлчөмүндө каражат жергиликтүү бюбджетке түшүп, планы 103,8%га аткарылган.
Таштандыларды ташып чыгарууүчүн жыйымдынпланы 205,0 миң сом болсо, 219,4 миң сом өлчөмүндө каражат жергиликтүү бюджетке түшүп, планы 106,8%га аткарылган.
«Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн6)–пунктуна жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 8)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн2014–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэриА.Халмурзаевдин отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жыличинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынанкабыл алынган социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрдүкамсыз кылуудакемчилдиктердин болгону белгиленсин жана быйылкы жылы аларды толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардагы мекеме–ишканалардын, уюмдардын, комитеттердин, башкармалыктардын жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүүүчүн конкреттүүчараларды көрүүжагы сунуш кылынсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке:
Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдардагы социалдык–экономикалык өнүгүүПрограммасын аткарылышынын жүрүшү боюнча ар бир жарым жылда шаардык кеңештин сессиясында отчет берип туруу жагы милдеттендирилсин;
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлер үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу;
Шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп–өнүгүүсүүчүн чарбалык субьектилеринин каражаттарын активдүү тартууга чара колдонуу;
Шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилиндеүзгүлтүксүзкамсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
Шаардык кеңештин чечимине ылайык тез арада “Тазалык” муниципалдык ишканасын ачуужагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаарынын вице–мэри Ж.Рахматулаевке шаардык аялдар кеңешинин ишин жандандыруу боюнча тийиштүү иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6. Кызыл–Кыя шаардык финансы бөлүмүнө (И.Жолдошов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгына (А.Эргешов) божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин. Аларды өз убагындамобилизациялоого терс таасирин тийгизген себептердидайыма изилдешсин.
7. Шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчилигине (Р.Мурзаев) камсыздандыруу төлөмдөргө болгон карыздарды кыскартуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлсүн, потенциалдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн персоналдык тизмеси менен иштөөнү күчөтсүн.
8. Шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө (А.Арчабаев) калктын ички миграциясын көзөмөлдөө күчөтүлсүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ШИИБ менен шаарга келген мигранттарды аныктоо, аларды каттоо жана тактоо, жүргүзгөн иш аракеттерин аныктоо, шаарда жашагандыгын тактоо боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
9. Шаардык билим берүү бөлүмүнө (К.Каримова), шаардык каржы бөлүмү (И.Жолдошов)КР мамлекеттик «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамын, мамлекеттик программаларын ишке ашыруунуннегизинде окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу максатында шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардын 4мектепбине 4интерактивный доска алуу жагы милдеттендирилсин.
10. Шаардагы Үй–бүлөлүк Дарыгерлер Борборуна (А.Турдубекова) шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы жана балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чаралар көрүлсүн.
11. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Таштемиров) шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлсүн.Шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бир мектептин базасында кичи футбол аянтчасы курулсун.
12. Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө(Т.Мамытов) укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтсүн жана шаардагы коомдук тартипти сактоону камсыздасын.
13. Ушул токтом шаардык “Мезгил жарчысы”, “Белес” жана “Содружество” газеталары аркылуу чагылдырылсын.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковгожана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |