Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 17/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №ү Т.Сопуев атындагы лицей-мектебинин дарбазасын, айланасын темир тор менен тосуу үчүн Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №ү Т.Сопуев атындагы лицей-мектебинин дарбазасын, айланасын темир тор менен тосуу үчүн Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө.
2. Бул долбоордо көрсөтүлгөн Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 10 пайыздык 59774 сомдук өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 10% же 59774 сомдук акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |