Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 17/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Тамбашат айылындагы № 6 Б. Аданбаева атындагы орто мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Тамбашат айылындагы № 6 Б. Аданбаева атындагы орто мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоор жактырылсын.
2. Бул долбоордо көрсөтүлгөн Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 10 пайыздык 49241 сомдук өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 10% же 49241 сомдук акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |