Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 17/6
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) граттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) граттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоор жактырылсын.
2. Бул долбоордо көрсөтүлгөн Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 391748 сомдун 50 пайызы өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 50 пайызын 195874 сом акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |