Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 20/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата тактап белгиленген бюджеттин долбоорунун өздүк киреше -23 194,8 миң сом, толуктоочу грант – 2800,0миң сом, атайын каражат -4000,0 миң сом жалпы киреше 29 994,8 миң сомго бекитилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата белгиленген бюджеттин долбоору киреше -24 109,8 миң сом, толуктоочу грант - 3000,0 миң сом, атайын каражат – 4000,0 миң сом жалпы 31109,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 31109,8 миң сомго бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата белгиленген бюджеттин долбоору киреше -24 109,8 миң сом, толуктоочу грант - 3000,0 миң сом, атайын каражат – 4000,0 миң сом жалпы 31109,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 31109,8 миң сомго бекитилсин.
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджеттин долбоорун аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировко жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |