Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 20/3
Гүлчө айылындагы «Жеңиш паркынын» бош турган жеринен убактылуу жай сезонуна 2,85 сотых жерди балдар үчүн оюн куруп берүүгө келишимдик баада ижарага берүү жөнүндө
«Жеңиш паркынын» бош турган жеринен убактылуу жай сезонуна 2,85 сотых жерди балдар үчүн оюн куруп берүүгө келишимдик баада ижарага берүү боюнча Гүлчө айылынын тургуну Апаитов Адилеттин жазган арызын карап жана талкуулонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүннүн Гүлчө айылындагы «Жеңиш паркынын» бош турган жеринен жайкы сезонго убактылуу 2,85 сотых жер балдар үчүн батут жумшак эмерегин орнотуу максатында ижарага Апаитов Адилетге берилсин.
2. Берилген жерге мыйзам чегинде келишим түзүү, ижара акысын баалоо, аны айыл өкмөтүнүн кирешесине чегерүү жана аны өз мөөнөтүндө төлөтүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Б.Таировго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестициялар, ишкердик кылуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |