Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 23/1
Кыргыз Республикасында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын талаптарына ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин конкурстук негизде берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүп төлөнүшүнүн абалы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин конкурстук негизде берилиши жана ижара акыларынын мыйзамдуу аткарылып жаткандыгы эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин жалпы аянтын тактоо, канча жер чөп орунду, канчасы кайракы айдоо, алардан түшкөн кирешелер канчасы аткарылды, дагы кандай кирешени көбөйтүү жолдору бар экендигин, тактап иш алып баруу жагы жер адиси А.Аттокуровго милтеттендирилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү КБФ жерлеринин мөөнөтү аяктаган учурда мыйзамдуу аукцион аркылуу элге арендага берүүнү өз мөөнөтүнөн кечиктирбей аткаруу айыл өкмөт башчысы Б.Таировко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууГүлчө айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |