Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 23/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында балдарга ыссык тамак-аштын берилишинин абалы жана орто мектептердин, бала бакчаларынын капиталдык ремонтко бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарга берилген ысык тамактарынын талапка ылайык берилип жаткандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында жана жалпы билим берүүчү мектептерде жаңы окуу жылына карата кезектеги оңдоп түздөө иштерин аткарууга сметага ылайык бөлүнгөн акча каражаттарынын мыйзамдуу пайдаланылып жаткандыгы эске алынсын.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында жана жалпы билим берүүчү мектептерде жаңы окуу жылына карата кезектеги оңдоп түздөө иштерин аткарууга мектептердин өлчөмдөрүнө жараша акча бөлөштүрүү нормаларын сактоо айыл өкмөттүн ФЭБ башчсы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында жана жалпы билим берүүчү мектептерде жаңы окуу жылына карата кезектеги оңдоп түздөө иштеринин жыйынтыгын, сапатын жана акча каражатынын мыйзамдуу пайдалангандыгынкөзөмөлдөөнүн жыйынтыгы менен кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |