Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 23/3
Гүлчө айылындагы жаштардын минифутбол аянтчасын курууга жер бөлүп берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын жаштарын колдоо жана жаш футбол сүйүүчүлөрдүн келечегине кам көрүү максатында Гүлчө айылынын борбордук стадиону менен Гүлчө дарыясына курулган дамбанын аралыгындагы мурдагы көк бөрү үчүн пайдаланган жер бөлүнүп берилсин.
2. Жерди мыйзам чегинде өлчөп, тиешелүү документтерин тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго тапшырылсын.
3. Гүлчө айылынын көк бөрү улуттук оюунун өткөрүүгө ыңгайлуу жана коопсуз жер аянтын бөлүп берүү Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго тапшырылсын.
4. Райондук маанидеги документтерин тактоо Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |