Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 23/4
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII заседаниесинин бардык токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңештин V чакырылышынын кезексиз XVII заседаниесинин токтомдору менен мектептерди, бала бакчаларды ремонтоо максатында түрткү берүүчү(үлүштүк)грантка жазган долбоорлорунун өтпөй калгандыгынан жана долббору өткөн балдар бакчаларына өздүк салымын төлөө боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражатынын жетишсиздигинен, № 1 жана № 6 балдар бакчаларынын өздөрү мүмкүнчүлүк таап өздүк салымды кошконунун эске алуу менен айылдык кеңештин экономика, бюджет инвестициялар, ишкердик кылуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кенешинин V чакырылышынын 2015-жылдын 17-мартындагы кезексиз XVII заседаниесинин № 17/1, 17/2, 17/3, 17/4, 17/5, 17/6, 17/7, 17/8 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
2. Гүлчө айылдык кеңешинин ушул токтомунун аткарылышын камсыз кылуу жагы жоопту катчынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Тажаматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет инвестициялар, ишкердик кылуу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |