Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 23/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыкка карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландардын аткарылгандыгы белгиленсин жана И.Ташкуловдун жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүндө бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Оморовго милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|