Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 23/2
Корул айыл өкмөтүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Булак,Кен-Жылга, Арал ФАПтарынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын көтөрүү багытында калктын саламаттыгын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программаларын аткарууда эмкана башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, айрыкча бейтаптарды кабыл алууда жана дарылоодо аяр мамиле жасоо, диспансердик каттоодо турган оорулууларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин санитардык абалын эрежедеги талаптарга ылайык кармоо, жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелериндеги педагогикалык кызматкерлерди, окуучуларды, С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасындагы кызматкерлерди жана балдарды медициналык кароодон өткөрүү жагы ФАП башчыларына милдеттендирилсин.
3. Кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алып, төрөткө чейинки көзөмөлдү күчөтүү, аймактык ооруканага баруу үчүн, алмаштыруу карталарын өз убагында жазып берүүнү жана аларга түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү, диспансердик каттоодо турган оорулууларга, майыптарга, 5 жашка чейинки балдарга жеңилдик алуучуларга медициналык жардам көрсөтүүнү белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүү медицина кызматкерлерине жана айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерине милдеттендирилсин.
4. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн чет элдик донорлор, мамлекеттик эмес уюмдар, демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу, медициналык таштандыларды зыянсыздандырып, атайын чуңкурчаларда жок кылуу жана коопсуздук үчүн айланасын тосууну санитардык талаптарга ылайык жүргүзүү жагы Кең-Жылга эмканасынын башчысы А.Жолдошовага тапшырылсын.
5. Калктын медико-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жалпы элди медициналык тейлөөнүн абалы жөнүндөгү маселелерди элдик жыйындарда, айылдык Кеңештин сессиясында, айыл өкмөтүнүн заседаниесинде талкуулап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ФАП башчыларына жана ден соолук комитетинин курамына милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|