Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 23/4
Көзөмөлгө алынган токтомдор менен иштөө боюнча айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жыл ичинде көзөмөлгө алынган токтомдор менен иштөө боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кең-Жылга айылынын тургундары Жубашов Камилдин, Маматумаров Темиркан, Алиев Бөкөнбайлар кашааларын жылдырбай, жол ачпагандыгы үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү берилгендиги эске алынсын. Жыйынтыгы кийинки заседаниеде каралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Кадыровго тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|