Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июну № 22/3
Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Балдар бакчасынын жаңыдан ачылып жаткан тайпасына жылытуу системаларын жана балдар бакчасынын ашканасына буу чыгаруу үчүн керектүү материал менен камсыздоо жагын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаева чечүү жагы каралсын.
3. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|