Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июну № 22/3
Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана дин иштери боюнча иш алып баруу боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө аткарылган иштер жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынын элдерине жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, аксакалдар кеңешине, аялдар кеңешине, айылдык Кеңештин депутаттарына, жамаат башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чындоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|