Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-февралы № 19/4
Корул айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана индикативдик планынын аткарылышы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Жамааттык уюмдардын демилгелеринде сунушталган негизги проектилерди экономикалык социалдык инфраструктураларды өнүктүрүүгө карата Корул айыл өкмөтүнүн 2015-жылга өнүгүү планы бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн өнүгүү планын ишке ашырууда уюштуруучулук иш аракеттер жүргүзүлсүн, ал эми 2014-жылда акча каражатынын жетишсиздигинен бүтпөй калган долбоорлорду бүткөрүү жагы, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, жамаатык уюмдардын лидерлерине тапшырылсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|