Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 14-сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 29
Жазы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2015 жылга айыл өкмөттүн бюджеттин бекитүү жөнүндөгү маселе бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын 18 февраль 2015 жылдагы сунуштарынын негизинде Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 11 749,8 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 11 554,1 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
2. 2015 жылга Жазы айыл өкмөтүнүн бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 16 316,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-2017 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 157,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (Электроэнергиясы, көмүр, тамак аш, эмгек акы жана социалдык фондко чегерүү) каржылануусу белгиленет.
6. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2016 жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Жазы айыл өкмөтүнүн 2014-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 1240,7 миң сом жана атайын каражаттан 33,0 миң сом, акча каражаттар 2015 жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Дыйканбаев |