Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 14-сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 31
Жазы айыл өкмөтүнун 2015-жылга штаттык санын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп Жазы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнун типтүү түзүмү жана штаттык саны калктын санына жараша (айыл өкмөтүнүн калкы 2015-жылга карата 15032) 19 штат бирдиги бекитилсин.
2. Ушул эле токтомдун негизинде айылдык аймактын админстрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары айыл башчы кызматы 3 айыл башчы жана аскерге милдеттүү жан аскерге чакырылуучулардын санына жараша бошотулган 3 аскердик эсепке алуу столунун инспектору кызматтары бекилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Дыйканбаев |