Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 17-сессиясы
2015-жылдын 4-апрели № 36
Жазы айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамына ылайык жана Жазы айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Дыйканбаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн Тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана(же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Жазы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Дыйканбаев |