Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 288
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, шаардык Кеңештин төрагасы Примов Улан Бердибаевичтин, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Нурбаев Абдывахап Мамодрасуловичтин, социалдык-маданий-өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Садыкова Гульмира Абдуллаевнанын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына, алардын ордуна Аматова Санталат Юсуповна, Токтошева Жамилахан Мамасадыковна жана Мамадалиев Акрам Адахамович депутаттык мандаттарды алгандыктарына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурбаев Абдывахап Мамодрасулович архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан, Садыкова Гульмира Абдуллаевна социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Депутаттар Аматова Санталат Юсуповна, Токтошева Жамилахан Мамасадыковна жана Мамадалиев Акрам Адахамович социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Суранов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Аланов |