Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 295
Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, башкармалыктын башчысы Э.Абдрамановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №24-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, башкармалыктын башчысы Э.Абдрамановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
-Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгын атайын өрт өчүрүүчү унаа жана 50 метрдик автомеханикалык шаты менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылуу жасоо;
-Газ түтүндөн коргонуу үчүн аппараттарды, өрт өчүрүүчү суу женчелерин, диэлектрдик бут кийимдерди, төшөлмөлөрдү (коврик), кайчылар, кол каптарды сатып алууга 2016-жылга жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом акча каражатын Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгына бөлүп берүү;
-Туран жана Амир-Тимур кичи райондоруна өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын бөлүмчөсүн ачуу үчүн бирден өрт өчүрүүчү атайын унааны өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынан бөлдүрүп, ал эми штатын жергиликтүү бюджеттен кармоо маселеси боюнча 2016-жылдын бюджетине киргизүү үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Аланов |