Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 298
Ош шаарынын 2015-2025-жылдарга карата башкы планын кароо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 28-августундагы №355/08-6 Ош шаарынын 2015-2025-жылдарга карата башкы планын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №26-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын 2015-2025-жылдарга карата башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Мамлекеттик шааркуруу жана архитектура долбоорлоо институту тарабынан Ош шаарынын 2025-жылга чейинки иштелип чыккан башкы планын бекитип берүү жана бекитилген башкы пландын негизинде Ош шаарынын тышкы чек ара долбоорун иштеп чыгууну, “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасына тапшыруу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев);
- Мамлекеттик шааркуруу жана архитектура долбоорлоо институту тарабынан Ош шаарынын 2025-жылга чейинки иштелип чыккан башкы планын бекитип берүү жана бекитилген башкы пландын негизинде Ош шаарына тышкы чек ара долбоорун иштеп чыгууну, “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасына тапшыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу;
- Ош шаарынын 2025-жылга чейинки иштелип чыккан башкы планын Кыргыз Республикасынын учурдагы күчүндө турган укуктук-нормативдик актыларына ылайык, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалары тарабынан ишке ашырууну камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |