Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 299
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №279- “Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын прокуратурасынын 2015-жылдын 5-августундагы №11-5д-624-15 Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №279 токтомунун С.Аматовго берилген жер тилкесинин категориясын өзгөртүү жөнүндөгү пунктун жокко чыгаруу жөнүндөгү каршылык билдирүүсүн карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №27-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №279 Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгү токтомунун 1-пунктунан “- С.Аматовго караштуу Ленин көчөсү №222 дарегиндеги 6184.0 м.кв жер тилкенин максаттуу багытын спорттук аянтча багытынан калкты тейлөө жана көп кабаттуу үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндөгү” деген сөздөр алынып салынсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |