Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 300
Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган көп кабаттуу үйлөрдү менчиктештирүүгө, укук аныктоочу документтерди берүүгө жана ипотекалык шартта бөлүштүрүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо” жөнүндөгү мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 10-сентябрындагы №370/08-6 Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин 2010-жылдын апрель-июнь айларында болуп өткөн окуяларда жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак-жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын протоколдук чечимине ылайык батир алган жарандарга батирлерди менчиктештирип берүүгө, Анар кичи районундагы №18-көп кабаттуу үйдөгү жашап жаткан көрүүсү жана угуусу начар жарандардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, ал жарандар жашап жаткан батирлерге укук аныктоочу, укук далилдөөчү документтерди берүүнүн тартибин аныктап берүү. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган батирлерди ипотекалык шартында мындан ары бөлүштүрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №28-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинен, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган көп кабаттуу үйлөрдү алардын жайгашкан жер участкалары жана инженердик инфра түзүмдөрү менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөндөн кийин, төмөндөгүлөргө макулдук берилсин:
- 2010-жылдын апрель-июнь айларында болуп өткөн окуяларда жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак-жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын протоколдук чечимине ылайык, курман болгондордун үй-бүлөө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык батирлерди акысыз түрдө менчиктештирип берүүгө;
- Анар кичи районундагы №18-көп кабаттуу үйдө жашап жаткан көрүүсү жана угуусу начар жарандардын батирлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте акысыз түрдө менчиктештирип жана укук аныктоочу документтерди берүүгө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган батирлерди мындан ары ипотекалык шартта бөлүштүрүүгө;
- “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шартында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана Ош шаарындагы коммуналдык чарба мекемелеринин кызматкерлерине жана Ош шаарындагы спорт мектептеринин машыктыруучуларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарында муниципалдык менчиктеги батирлерди ипотекалык шартта берүүгө.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |