Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 301
Ош билим берүү институту жайгашкан имарат жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 16-июнундагы №83/08-5 Ош билим берүү институту тарабынан Ош облусунун аймагындагы, анын ичинде Ош шаарындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча алып барып жаткан ишмердүүлүгүн эске алуу менен №9-Рудаки атындагы мектебинин Ош билим берүү институтуна убактылуу пайдалануу үчүн берилген имараты жөнүндөгү маселени Ош шаардык Кеңешинин сессиясында карап берүү жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 10-августундагы №48-Ош шаарындагы №9-Рудаки атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан Ош билим берүү институтун башка жерге көчүрүп жайгаштыруу боюнча маселе Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чечилгенге чейин 2015-жылга ижара акысын төлөөдөн бошотуп, эгерде маселе 2016-жылга чейин чечилбесе, кайрадан жеңилдетилген ижара акысын төлөө шарты менен имараттын бөлүгүн пайдаланып туруу жөнүндө токтом кабыл алынуусун сунуштоо жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №29-токтомун жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы “№47-Шаардын мектептериндеги жана бала бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндөгү” токтомунун 3-пунктундагы, “№9-Рудаки мектебинин убактылуу пайдалануу үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна берилген имаратынын жарымын” жана 4-пунктундагы “№9-Рудаки атындагы” деген сүйлөмдөрү алынып салынсын.
2. Ош билим берүү институту №9-Рудаки атындагы орто мектебинин имаратынын бөлүгүндө калтырылсын.
3. Ош шаарынын №9-Рудаки атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан Ош билим берүү институту 2015-жылга муниципалдык ижара акысынан бошотулсун жана билим берүү институту тарабынан 2016-жылга ай-сайын төлөнүүчү муниципалдык ижара акынын суммасы 40,0 миң сом деп белгиленсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жана бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |