Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 303
“Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгы жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2015-жылдын 4-октябрындагы №360∕08-6 “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгы жөнүндө” Жобосун бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 16-октябрындагы №5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынынмэриясына (А.Кадырбаев) “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгы жөнүндө” Жобосу кайрадан иштеп чыгууга кайтарылсын, Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна сунушталсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарынажарыялансын (Р.Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Адашбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |