Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 305
«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы менен Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы автоунааларын алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2015-жылдын 22-октябрындагы № 420/08-6 «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын балансындагы «Лифан» -LF 65-92 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 21-60 ZA болгон автобусту жана «Опел Зафира» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 21-85 ZA болгон жеңил автоунаасын Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган 2 (эки) даана ЗИЛ-131 автоунааларга алмаштырууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын балансындагы «Лифан» - LF 65-92 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 21-60 ZA болгон автобусту жана «Опел Зафира» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 21-85 ZA болгон жеёил автоунаасын Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган 2 (эки) даана ЗИЛ-131 автоунааларга алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |