Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 307
«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздары жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2015-жылдын 12-октябрь күнү №409/08-6 «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздары жөнүндөгү катын жана комиссиянын актысын карап чыгып, Ош шаардык Кеёешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-октябрындагы №13 токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын дебитордук карыздарынын негизсиз эсептелип келгендигин аныктап чыккан комиссиянын актысы эске алынсын.
2. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын 7 772 788 (жети миллион жети жүз жетимиш эки миң жети жүз сексен сегиз) сом дебитордук карыздарын мыйзам чегинде жоюуга макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |