Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 308
«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагынан, айыл чарба багытындагы жерлерди жана жер тилкелерин ишкананын атайын, бюджеттик жана башка акча каражаттарына сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриянын «Ош шаар сууканал» муниципалдык ишканасына техникалык базасын кеёейтүүгө жана аларды реконструкциялоого жана модернизациялоого, кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан, айыл чарба багытындагы жерлерди жана жер тилкелерин ишкананын атайын, бюджеттик жана башка акча каражаттарына сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап чыгып талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасына техникалык базасын кеёейтүүгө жана аларды реконструкциялоого жана модернизациялоого, кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан, айыл чарба багытындагы жерлерди жана жер тилкелерин ишкананын өздүк, бюджеттик жана башка акча каражатына сатып алуу ишин Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кенешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А. Аланов |