Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 112
Жаштар жана өспүрүмдөр арасында тарбиялык иштердин жана зордук–зомбулукка каршы иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеёешинин ( V чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы. Жаштар өспүрүмдөр арасында тарбиялык иштердин жана зордук-зомбулукка каршы иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө Өзгөн РИИБүнүн Мырза-Аке АМБнүн ЖОИ инспектору милициянын капитаны С.Жороевтин аткарган иштери жөнүндө Укуктук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 20- бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү ЖОИ инспекторунун коомдук уюмдар менен иш алып баруу жагы эске алынсын.
2. Жаштар арасында зордук–зомбулукту жоюу үчүн айыл өкмөтү жана билим берүү мекемелери, ишканалар менен бирдикте иш-чара план түзүлсүн.
3. Айыл өкмөттүн соц адистери менен биргеликте тыгыз иш-алып баруу, жакындан кол кабыш кылуу жана өз ара кызматташуу жагы ЖОИ инспекторунун кызматкеринен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |