МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 113
Жайыт комитетинин иши жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы Жайыт комитетинин алып барган иштери жөнүндө Айыл чарбасы бюонча комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт салыктарын максаттуу пайдалануу, жайлоо жолдорун оёдоо,Мырза-Аке айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлеринен көмүр кенин казып алууда көмүр сатуучу ишканалар аркылуу келтирилген зыяндарды кайрылуу аркылуу калыбына келтирүү иштерин алып баруу жагын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин салык боюнча эсеп-кысапты өз убагында, так жүргүзүүсү жайыт комитетинин төрагасына эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин:
2015-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү мал бир баш үчүн 100 сом
Кой-эчкилер бир баш үчүн 20 сом
Жылкылар бир баш үчүн 100 сом
Картошка аянтына сотых үчүн 100 сом
Жайыттагы кашааланып тосулган жер аянтына бир сотых үчүн 100 сом, ички жайыттарды пайдаланып, башка жайытка чыгып кеткендерүчүн
Кара мал 50 сом
Жылкы 50 сом
Кой-эчки 20 сом
5. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. 2014-жылы жайыт пайдаланып, жайыт акысын төлөбөгөндөр жайыт пайдалануудан четтетилсин.
7. 2015-жылы жайыт пайдалануучулар жайыт акысын сезон башталар алдында 40%-ын төлөө менен жайыт билетин алышсын.
8. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбейт.
9. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. 2015-жылдын кабыл алынган бюджети төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен бекитилсин.
Жалпы киреше 250000 сом
Анын ичинен сарпталат:
Жайыт салыгы (4316 га) 60000 сом
Эмгек акы 100000 сом
Соц страхование 17300 сом
Соц фонд 21700 сом
Кеёсе товарлары жана компьютердик кызмат 3000 сом
Жайыттардын инфраструктурасы үчүн 30000 сом
Жайыт ассосациясы 8000 сом
Транспорттук чыгым 10000 сом
Жалпысы : 250000 сом
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |