Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 118
Мырза-Аке айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеёешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Мырза-Аке айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы жөнүндө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсү, айыл өкмөтүнүн башчысынын түшүндүрмөсү менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.
2. Мырза-Аке айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын негизинде иш алып баруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Мырзакуловко милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ушул уставда белгиленген укуктардан тоскоолдуксуз пайдалануусу жана милдеттерди бурмалоосуз аткаруусуна кепил болуу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына, аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |