Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 120
«Данияр-Нур», «Ислам», «Айдан» балдар бакчасынын тамак-ашына отун-көмүрүнө каражат кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеёешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Мырза-Аке айыл аймагында жайгашкан «Данияр-Нур», «Ислам», «Айдан» балдар бакчасынын 2015-жылга тамак-ашына отун-көмүрүнө каражат кароо боюнча Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча турктуу комиссиясынын, ФЭБ башчынын билдирүүсү менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 43-беренесине ылайык төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Данияр-Нур», «Ислам», «Айдан» балдар бакчасынын 2015-жылга тамак-ашына 528,000 (беш жүз жыйырма сегиз) миё сом, отун-көмүрүнө 217,500 (эки жүз он жети миё, беш жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Акча каражаты менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |