Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 121
Адыр айылынын башкы планына киргизилген өзгөртүүнү бекитип берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Адыр айылынын башкы планына киргизилген өзгөртүү жөнүндө Айыл чарба, транспорт, курулуш, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, таанышып, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адыр айылынын 1002 кварталынын 0162 участогунда М. Бообеков, Б. Текешов көчөлөрүннү кешилишинде жайгашкан эске мечиттин ордуна жаңы типтүү долбоор менен мечит куруу үчүн долбоорлонуп жаткан жаңы мечитке АрхСС ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн эскиздик план боюнча 1700,0кв.м жер тилкеси ажыратылып калган 862,0 кв.м жер тилкеси келечектеги социалдык обьктиге калтырылгандыктан, Адыр айылынын башкы планына киргизилген өзгөртүү бекитилсин (тиркеме тиркелет ген план эскиздик план, кварталы, участогу)
2. Керектүү документтерди даярдоо Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан, мамлекеттик каттоо башкармалыгынан(госрегистр), дин иштери боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеёешинин төрагасынын орун басары Б. Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |