Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 122
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кайрылуу каты жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кайрылуу каты менен таанышып чыгып, Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуула, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 21-февраль 2014-жылдагы №71 сандуу токтомун турмушка ашыруу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы эскилиги жетип, пайдаланууга мүмкүн болбой калгандыктан жаёы автоунаага алмаштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300,000 (үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кызматтык автоунааны тандоодо сапатына жоопкечилик айыл өкмөтүнүн статист, экономистине, ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. каражат маселесин чечүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |