Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 124
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын чечимин бекитип берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адыр айылынын I орундагы приоритеттүү маселеси деп бала бакча куруу табылсын.
2. Бабыр айылы боюнча I орундагы приоритеттүү маселеси деп бала бакча куруу табылсын.
3. Мырза-Аке айылынын I орундагы приоритеттүү маселеси деп айылга сугат суу каналын чыгаруу табылсын.
4. Ушул айыл аймктары боюнча үч айылдын приоритеттүү 3 маселеси конкурстук комиссия тарабынан облустук комиссияга жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |