Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 125
Айыл өкмөтүнүн тургундарынын малын багуучулар жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезексиз XX сессиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургундарынын малын жайлоого алып барып келүүчү малчылардын ишин тартипке салуу максатында талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал бага турган жараанга малды жайлоого алуудан мурда айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинен каттоодон өтүү милдеттендирилсин.
2. Жайлоо акы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Кара малга - 400 сом
Жылкы – 450 сом
Жандык – 80 сом
3. Малды чарбасыздыктан чыгымга учуратса (арам өлтүрсө, карышкырга жедирсе, жоготсо, алмаштырса) айырмасын ээсине төлөп берет. Эгерде малды адалдап, эскиртпей бирка териси менен жеткирип берет жана жол акысын мал ээси төлөйт.
4. Жайлоого малды көчүрүү мөөнөтү 10-май 2015-жылга белгиленсин.
5. Элдин эгинин, чөп ормосун тебелетип жедирсе ага акт түзүп чыгымдар аныкталып тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн вет. Инспектору С. Раимбековго жүктөлсүн.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |