Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 1
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү 2013-жылда Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгып ушул күнгө чейин кабыл алынган стратегиялык план боюнча иш арекеттерин жүргүзүп келген.
Азыркы күнгө келип элдин жана айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн тиешелуу шарттар жакшыланып бара жаткандыгына байланыштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү үчүн иш арекеттер жүргүзгөн.
Стратегиялык пландарды аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн алдына коюлган максаттарга жетуу үчүн аймактын географиялык, экономикалык социалдык өзгөчөлүктарын эске алган, башка мамлекеттик программалар менен шайкеш келген жергилитүү максатуу программалар угулуп жана карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү менен бекитилсын.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга карата өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилген стратегиялык планды аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |