Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы айылдарга калктуу конуш статусун берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Күнгөй,Тескей,Жаш, Катта-Тал,Дөн-Кыштак,Жандама айылдарында өткөрүлгөн жалпы чогулуштарды токтомдорун жана Ноокат райондук статистика комитетинин 2015-жылдын 6-апрелиндеги катын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Күнгөй,Тескей,Жаш, Катта-Тал,Дөн-Кыштак,Жандама айылдарына жаңы калктуу конуш статусу берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде жогоруда аталган Күнгөй,Тескей,Жаш, Катта-Тал,Дөн-Кыштак,Жандама калктуу конуштарына САОТА берилиши Ноокат райондук статистика комитетинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу,керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнө тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |