Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүнө мектеп жана балдар бакчасын куруу үчүн жер участок ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүнөн турак-жай куруу үчүн берилген жер участтокко жаңы турак жайлар куруу жыл сайын артып барууда, азыркы күндө турак жайлардын саны 152 ке, калктын саны 670 кишиге жетти. Мектеп жашындагы 150 окуучу 3-4 км алыста жайгашкан М Мирзакаримов атындагы мектепке жол басып келет. Келечекте бул аймакта 530 кожолук жаңы турак жай куруу курулушу күтүлүүдө.Элге социалдык шарт түзүү айрыкча мектеп куруу зарылдыгы жөнүндөгү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссясынын 2015-жылдлын 10- октябрындагы №2 протоколун карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүнө мектеп куруу үчүн айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фонд жеринен 1.70 га жер жер участок ажыратып берүү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |