Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 20-сессиясы
2015-жылдын 4-февралы № 113
Кароол айылдык кеңешинин 2015-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын жана Кароол айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кароол айылдык кеңешинин 2015-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, айылдык кеңештин кезексиз жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин 2015-жылга карата иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
| Кароол айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-февраль №113- токтому менен бекитилген
|
Кароол айылдык кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планы
I. 2015-жылы Кароол айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдык кеңештин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Акматалиев А.Т.)
2. Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык отчет (2015-жыл, 1-квартал, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Сайитов Р.А.)
3. Кароол айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы» жана Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
4. Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2014-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы» жана Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
5. Кароол айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
6. Кароол айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2015-жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыйжаларын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Сайитов Р.А.)
7. Кароол айыл аймагындагы маданият үйлөрүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. (2015-жыл, 4-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси)
8. Кароол айыл аймагындагы почта бөлүмчөсүнүн калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. (2015-жыл, 2-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси)
9. Бюджеттин 2015-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
10. Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2014-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия»)
11. Кароол айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2015-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия”)
12. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси Акматова К.А.)
13. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары Рысалиев О.С.)
14. Кароол айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси Дыканов К.)
15. Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2015-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы Калматов П.)
16. Кароол айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2015-жылда аткарылуучу иш чаралар жөнүндө (2015-жыл, 2-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары Рысалиев О.С., “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”)
17. “Кароол-Достук” СПАнын 2014-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2015-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, 2015-жыл, 1-квартал, “Кароол-Достук” СПАнын жетекчиси, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”)
18. Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
19. Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
20. Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл көмөтүнүн жер адиси)
21. Түркүн маселелер
II. Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комисслар, айыл өкмөтүнүн башчысы |
|
2 | Кароол айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы жана кеңештин жооптуу катчысы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси |
|
4 | Жергиликтүү жамааттарды уюштуруу (ата-энелер жамааты, кудук жамааты ж.б.) жана Уставын бекитүү жана каттоо | Жыл ичинде | Айыл өкмөт башчысынын орун басары Рысалиев О.С. |
|
5 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
6 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
8 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
9 | Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
10 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
11 | Кароол айылдык кеңешинин 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү жана салтанаттуу белгилөө: уюштуруу комитетин түзүү, иш чараларды иштеп чыгуу, дярдык иштерди алып баруу | 2015-ж., февраль-апрель | Айылдык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
12 | Өзгөн райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына катышуу | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
13 | Райондук, облустук жана айыл аймактык деңгээлдеги жыйындарга (коллегияларга, координациялык кеңештерге, элдик жыйындарга ж.б.) катышуу (зарылдыкка карай) | Жыл ичинде | Бардык депутаттар |
|
14 | Айылдык кеңештин депутаттары үчүн окууларды, тренинг, семинар ж.б. өткөрүү, уюштуруу жана катышып келүү | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасы, бардык депутаттар |
|
15 | Кароол айыл аймагынын көйгөйлүү маселелери боюнча айылдык кеңештин депутаттары менен КРнын Жогорку кеңешинин депутаттарын, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, райондук жетекчилердин жана башкалардын жолугушууларын өткөрүү, маалымат аянтчасын түзүү | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасы, бардык депутаттар |
|
16 | Бешинчи чакырылыштагы Кароол айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2015-ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
17 | Түркүн маселелер |
|
|
|