Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 116
Кароол айыл аймагындагы жашоочулардын мал-жандыктарын эмдөө жүргүзүүнүн тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнүндө” №77-б буйругун ишке ашыруу жөнүндөгү Кароол айыл өкмөтүнүн башкы адиси-ветврачы К.Дыкановдун кайрылуу каты Кароол айылдык кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнүндө” №77-б буйругун ишке ашыруу максатында Кароол айылдык кеёешинин тургундарынын мал-жандыктарын Кароол айыл аймагынын аймагындагы ветеринардык сервистер тарабынан эмдөөнүн төмөндөгүдөй тарифтик өлчөмдөрү бекитилсин:
бир баш жылкы, кара мал үчүн элүү сомго чейин;
бир баш кой, эчки үчүн жыйырма сомго чейин;
бир баш ит, мышык үчүн жетимиш сого чейин;
бир баш тоок-канаттууларга үч сомго чейин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жана Вет. Адиси К.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (АнаркуловТ.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |