Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 117
Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү жөнүндө
Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү жөнүндө маселе Кароол айылдык кеёешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун жана 2.4-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын төмөнкүдөй бекитилсин:
жерди айдоо 1,0 га жер үчүн – 2500 сом;
малалоого 1,0 жер үчүн – 1200 сом;
арык тартуу 1200 сом;
эгин чабуу 3000 сом; чөп чабуу-2000 сом; тангактоо 1 даана прец- 13 сом.
Баардык аткарылуучу жумуштарга күйүүчү май ичинде.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жана айыл башчыларына ( Жээнбаев Т. Калматов С. Көкөнов П. ) милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |